Ссылки доступа

Орусия Дүйшөмбүдөгү көчө ысымдарынын өзгөртүлүшүнө тынчсызданууда


Орусия ТИМи Дүйшөмбүдөгү Советтер Союзу маалынан мураска калган көчөлөр менен проспектилердин аталыштарынын өзгөртүлүшүнө тынсызданууда. Маалымат жыйынында мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова мурда ал көчөлөр Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, советтик окумуштуулар жана маданий ишмерлердин ысымдары менен аталганын билдирди.

«Белгилүү тарыхчылардын тобу, алардын ичинде ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү менен студенттер биздин элдин тарыхынын көрүнүктүү барактары эсептелген көчөлөрдүн мурдагы аталыштарын сактап калууну өтүнүшкөнүн билем. Ошондуктан бийлик белгилүү инсандар менен ардагерлердин айткандарын угат деген үмүттөмүн», - деп кошумчалады Захарова.

Тажикстандын Тил жана терминологиялар башкармалыгынын башчысы Абдурахими Зулфониён «Азаттыктын» тажик кызматына Орусия ТИМ өкүлүнүн билдирүүсүн негизсиз деп атады. Ал «көчөлөр менен проспектилердин аталыштарын өзгөртүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жасалып жатканын, анын улутчулдукка эч кандай тиешеси жоктугун жана ал тажик элинин улуттук баалуулуктарын калыбына келтирүүнүн белгиси болуп эсептелерин» белгиледи.

Тажикстанда көчөлөрдүн, проспектилердин, райондордун, шаарлардын, ал эмес облустардын аталыштарын өзгөртүү жараяны беш жылдан ашык убакыттан бери уланып келет. Маселен, Ленинабад облусу Согди деп өзгөртүлгөн. Наувск району Спитамен, Куйбышев району Абдурахмони Жоми деген аталыштарга ээ болгон. Аталыштарды өзгөртүүнүн акыркы толкунунда Чкаловск шаары Гулистон деп аталып калган.

Бул жараян өлкө борборунда да уланууда. Ушул жылдын апрелинде Войков көчөсү Рухафзо, Чайковский Наджмиддин Абдуллоев, Панфилов Бобо Джобиров, Мир Чаманзор деген аталыштарга өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG