Ссылки доступа

Москвадагы мигранттардын мушташында бир киши каза болду


Москванын түндүгүндө Өзбекстан менен Тажикстандан барган мигранттар мушташып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Басылманын маалыматы боюнча мушташ 20-август түнү «Жилищник» ишканасынын жатакана аймагында, андагы жумушчулар спирт ичимдиктерин ичип алгандан кийин башталы, ага жалпысынан 35 чамалуу киши катышкан.

Мушташтын жыйынтыгында жумушчулардын экөөсү жаракат алып, ооруканага жаткырылганы кабарланды. Жекшемби күнү эртең менен алардын бири алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумду.

РИА «Новостинин» маалыматы боюнча мушташтан кийин ишкананын көчө шыпыруучу эки жумушчусу кармалды.

XS
SM
MD
LG