Кундуздун губернаторунун басма сөз катчысы Неъматуллох Темур «Азаттыктын» тажик кызматына «көпүрө стратегиялык мааниге ээ экенин» жана анын талкаланышы Кабулдун Тахор жана Бадахшан провинциялары менен болгон байланышын да үзгөнүн айтты.
Ошондой эле Кундуз провинциясынын өкүлү Тажикстан аймакты цемент менен камсыз кылып келгенин айтты. «Мурда бул базарды Пакистан көзөмөлдөчү. Көпүрөнүн бузулушу ири ооган провинциясын Пакистан продукциясына андан да көбүрөөк муктаж кылып коет», - деп белгиледи Неъматуллохи Темур.
Кундуз провинциясындагы Олчин көпүрөсү 21-августка караган түнкү жардыруудан талкаланган. Ооганстан аны Талибандан көрүүдө. Неъматуллохи Темурдун пикиринде, Талибан эки жолку ийгиликсиз аракеттен кийин акыры ал көпүрөнү талкалады жана эми Тажикстан менен чектешкен Имам Сохиб жана Дашти Арчи ооган райондору талибдердин курчоосунда калды.
Ал «талибдерди аталган райондордон сүрүп чыгаруу максатында атайын операция өткөрүп, жакынкы убактарда автоунаа байланышын калыбына келтирүү чечими кабыл алынганын» айтты.