Ссылки доступа

Украина Шойгуга жана 17 орусиялык аткаминерге издөө жарыялады


Украинанын Башкы прокуратурасы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана жогорку кызматтагы орусиялык дагы 17 аткаминер өлкөнүн улуттук коопсуздугунун негиздерине каршы оор кылмыш жасаган деп шектелип жатканын билдирип, аларга издөө жарыялады. Бул тууралуу мекеме башчысы Юрий Луценко кабарлады.

Анын айтымында, аткаминерлердин аракеттери Украина аскерлеринин эки миңден ашыгынын өлүмүнө жана сегиз миңден кем эмесинин жаракат алуусуна, ошондой эле 50 миллиард долларга бааланган техника менен мүлктүн талкаланышына алып келди. Луценко Орусиянын президенти Владимир Путин менен премьер-министри Дмитрий Медведевге карата шектенүүлөрүн билдирүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Украинада издөөгө алынган орус президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев менен өлкөнүн Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулиндин ортосундагы телефон сүйлөшүүнү жарыялады. Анда аткаминерлер Одесса менен Харьковдо массалык башаламандыктарды уюштуруу жана аларды каржылоону талкуулашкан. Тергөөнүн өкүлдөрү экспертиза Глазьев менен Затулиндин аудиожазуудагы үндөрүнүн анык экенин ырастаганын белгиледи.

Баш прокурор учурда Киев Украинага каршы согуш ачууга күнөөлү деп эсептеген Орусиянын 39 жараны кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.

Донбасстагы куралдуу кагылышуулар 2014-жылдын жазында, Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны жикчилдерге курал берип колдоо көрсөтүүгө айыптоодо. Кремль ал айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG