Ссылки доступа

Ютубдагы видео тажик дипломатын зордуктоо аракетине айыптоодо


Ютубда Түркмөнстан бийлиги тажик дипломатын өспүрүм кызды зордуктоого айыптап жатат делген видео жарыяланды. Анда кыз университеттин төртүнчү курсунун студенти экенин айтылат.

20-августта ютубда пайда болгон видеодо далил катары Ашхабад менен Дүйшөмбүдөгү тажик дипломаттары делген адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү келтирилген. Анда алар «батирде кыз менен кармалган» Тажикстандын Түркмөнстандагы үчүнчү катчысынын абалын талкуулашкан. Тасманын түркмөндөрдүн «Ватан» мамлекеттик телеканалынын берүүсү катары даярдалганы менен, булактардын маалыматы боюнча ал эфирге берилген эмес жана видеодогу алып баруучунун үнү өзгөртүлгөн.

Андагы тажик дипломаттары деп аталган адамдардын сөздөрүнө караганда окуя июнда болуп, Дүйшөмбү Тажикстандын Түркмөнстандагы элчиси Махмудджан Собировду чакырып алган. Бул Собиров Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен ушул жылдын июнунда кызматтан алынган маалга туура келет. Анда себеп катары «элчинин пенсиялык куракка жеткени» айтылган. Андан бери Тажикстан Түркмөнстанга жаңы элчи жөнөтө элек.

Ошондой эле ал видеодо 2015-жылдагы окуя жөнүндө да айтылган. Анда тажик дипломаттарынын унаасынан маңзаты табылып, тараптар өз ара «тынч» чечишип алышкан. Бул жолкусунда да ошондой болмок, бирок тажик тарап маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнө жол берип, ал чет өлкөдөгү оппозициячыл топтордун колуна тийген деп билдирилүүдө.

XS
SM
MD
LG