Ссылки доступа

Азербайжанда 141 кг героин менен тажик жараны кармалды


Тажикстандын укук коргоо органдары Азербайжанда 141 кг героин менен кармалган тажик жараны боюнча кененирээк маалымат берди.

Шектүү жаран – 31 жаштагы Исмоилов Мухаммадджон, Гиссар районунун тургуну. Үч ай мурун ал Иранга кетип, эл аралык автоунаа компаниясына жумушка орношкон, бирок ошол эле маалда мыйзамсыз маңзат жүгүртүү менен дагы алектенген.

Өткөн аптада Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитети тажик жараны чек арада ири партиядагы героин менен кармалганын кабарлаган.

Билдирүүдө айтылгандай, 13-августта Азербайжан-Иран чек арасынанан жүк ташуучу унаа кармалган. Айдоочусу тажик жараны болгон. Рентген аппаратынын жардамы менен текшерүү учурунда Ирандан келе жаткан жүк ташуучу унаадан 141 кг салмактагы героин табылган.

Кармалган жаран алгачкы көрсөтмөсүндө маңзатты Азербайжан аркылуу Грузияга алып чыгып бара жатканын айтып берген.

XS
SM
MD
LG