Ссылки доступа

Тажикстанда абактагы оппозициячынын үй-бүлөсү дайынсыз болууда


Абакта жаткан тажик оппозиционери Махмадали Хаиттин аялы жана уулу дайынсыз жоголууда.

Анын жакындары "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргенине караганда, кечээ белгисиз бирөөлөр Хаиттин Дүйшөмбүдөгү батирине барып аялын жана 17 жаштагы уулун алып кеткен бойдон алардан дайын жок.

Өткөн жумада чет өлкөдө иштеген тажик оппозициялык сайт Махмадали Хаит абакта кыйноого кабылганын, анын натыйжасында саламаттыгы начарлаганын кабарлаган.

Буга байланыштуу Жогорку Сот аны жубайы Савринисо Жураева менен жолугуштурууга макулдук берген. Жолдошу менен кездешип чыккандан кийин ал айың кептердин жалган болуп чыкканын, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мекемеси азырынча бул окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Тажикстанда тыюу салынган оппозициялык "Ислам кайра жаралуу партиясынын" төрага орун басары Махмадали Хаит быйыл июнь айында өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган болчу. Сот аны жана партиянын бир нече мүчөсүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода менен бирге 2015-жылдын сентябрь айында бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыптаган.

Оппозиция мунун баарын жалган жалаа деп, четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG