Ссылки доступа

Казак-өзбек чек арасында мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучусу кармалды


Uzbekistan/Kazakhstan - Uzbek-Kazakh border: Akzhol - Kaplanbek /customs/. 23Aug2012.
Uzbekistan/Kazakhstan - Uzbek-Kazakh border: Akzhol - Kaplanbek /customs/. 23Aug2012.

Казак-өзбек чек арасында мыйзамсыз миграция жолун уюштурган адам кармалды. Бул тууралуу СА-News сайты Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына шилтеме кылып жазды.

«Капланбек» өткөрмө бекетинен миграциялык полициянын жасалма мөөрү басылган Өзбекстандын 6 жараны кармалды.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн Өзбекстандын ар бир жаранынан 160 миң өзбек сумун алып турган казак жараны кармалды», – деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Казакстан жараны өзбек жарандарына таандык акчаларды кайтарып берип, күбөлөрдүн көзүнчө күнөөсүн мойнуна алды.

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар катталып, процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө. Сарыагаш чек ара аймагындагы мыйзамсыз миграциянын жолу буулду. Кармалган адам кылмыш жазасына тартылат.

XS
SM
MD
LG