Ссылки доступа

Жакупова: 87 депутаттын "колун бурап" Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн кол койдурушкан


Парламенттин 87 депутатынын колдорун бурап Конституцияны өзгөртүү долбооруна кол коюуга мажбурлашкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова Баш мыйзамды өзгөртүү маселесине арналган жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, депутаттар документти окубай туруп эле кол коюп беришкен, анткени президенттик аппараттан "көрсөтмө" түшкөн.

«Алдай бергенге болбойт. Келгиле депутаттардын колун бурап туруп эле кол койдурулганын ачык эле айталы. Мен бул "шедеврдин" авторунун ким экенин бекер сураганым жок. Эгер ал элдик демилге болсо, анда мында парламенттин эч кандай тиешеси жок, парламенттик угуулар болбошу керек», - деди Жакупова.

Ал Жарандык көзөмөл комитети кайрылуусунда президенттин тарыхта референдумдар салтын бузган алгачкы өлкө башчысы катары калуусун өтүнгөнүн белгиледи.

«Ал демилгени президент киргизбеди беле. Биз кимди алдап жатабыз? Бизди бир жаакка чапса экинчисин тосуп берип жатабыз. Жол-жоболордун бузулушуна канчага чейин көз жумабыз? Талкууга референдум өткөрүү тууралуу мыйзам алынып чыккан кезде документте референдумдун качан өтөрү көрсөтүлгөн так дата турушу керек. Мында болсо жылы гана көрсөтүлгөн. Конституцияга кандай гана киришүү болбосун — аны бийликти узурпациялоо аракетине киргизүү керек деп эсептейм», - деди Жакупова.

XS
SM
MD
LG