Ссылки доступа

АКШ Түркия чек арасына жакын жердеги согушкерлерге сокку урууда


Америка учактары сирия-түрк чек арасынын аймагындагы экстремисттик «Ислам мамлекети» тобунун позицияларына сокку урууда.

Буга чейин түрк аскерлери танктар жана учактардын колдоосу менен Сириянын чек арасынан өтүп, куралдуу оппозиция күчтөрү менен биргеликте ИМдин согушкерлерин сүрүп чыгарууга аракет кылып операция баштаган.

Сириялык күрттөрдүн Демократиялык биримдик партиясынын аскерлештирилген канатынан турган Элдик коргонуу тобунун расмий өкүлү Редур Халиль Түркиянын аскердик кийлигишүүсүн «ачык агрессия» деп атаган. Анкара болсо Сирия демократиялык биримдиги ага коркунуч жаратарын, анткени анын күрт сепаратисттери менен байланышы бардыгын билдирүүдө.

Шаршембиде Түркия ТИМ башчысы Мевлүт Чавушоглу жакында эле Манбидж шаарын басып алган Сириянын демократиялык күчтөрүнүн курамында согушуп жаткан күрт топторун Евфраттын оң жээгине чегинүүгө чакырган. Ушундай эле чакырык менен Анкарада иш сапары менен жүргөн АКШ вице-президенти Жо Байден да күрттөргө кайрылды.

Байден менен сүйлөшкөндөн кийин түрк премьер-министри Бинали Йылдырым Сирияда кандайдыр бир күрт аймактык биримдигинин пайда болушун "ылайыксыз" көрүнүш деп атаган.

XS
SM
MD
LG