Ссылки доступа

Укук коргоочулар Азербайжандагы оппозициячыл лидердин камалышын айыптоодо


“Чек арасыз кабарчылар” уюму оппозициялык “Азербайжан элдик фронтунун” лидерлеринин бири Фаиг Амировдун камалышын айыптады. Ал мындан тышкары күн сайын чыга турчу Azadlig гезитинин каржы директору болчу.

Амиров “диний жек көрүүчүлүктү козутуу жана диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү шылтоосу менен жарандардын укуктарын бузууга” айыпталып, үч айга камалган. “Чек арасыз кабарчылар” 24-августтагы билдирүүсүндө “күлкү келерлик кинени” жокко чыгарууга үндөгөн.

Азербайжан полициясынын билдиришинче, Амировдон диний ишмер Фетхуллах Гүлендин китептери табылган. Аны Түркия бийлиги 15-июлдагы төңкөрүш аракетине айыптап жатканы белгилүү. Динаятчы болсо тополоңго тиешеси жок экенин билдирип келет.

“Чек арасыз кабарчылардын” Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Йоханн Бир гүленчилерге карата жүрүзүлүп жаткан куугунтуктоолордун шылтоосу менен Азербайжан каршылаштарына каршы репрессиялык аракеттерин баштаганын айтты.

XS
SM
MD
LG