Ссылки доступа

Норвегияда аялдар үчүн жоокердик милдет өтөө мыйзамы күчүнө кирди


Ушул жайда 1997-жылы төрөлгөндөрдүн ичинен аскерге чакырылгандардын үчтөн бирин аялдар түздү. Норвегияда айымдар үчүн жоокердик милдет өтөө боюнча мыйзам күчүнө кирди. Ал 2013-жылы кабыл алынган.

Быйыл жайда аскерге чакырылган аялдар казармада эркек-жоокерлер менен бирге жашашат.

Дээрлик 40 жылдан бери Норвегияда аялдар өз эрки менен армияда кызмат өтөө укугуна ээ. Бул мезгил ичинде өлкөдө алгачкы аял-учкучтар жана суу алдындагы кемени башкаруучу командир айым пайда болду.

XS
SM
MD
LG