Ссылки доступа

Түркия оппозицияны колдогон сириялык күрттөргө чабуул жасады


Сириянын түндүгүнө 24-августта кирген Түркия аскерлери Жераблус шаарындагы  күрт жоокерлеринин согуштук жайларын аткылады. Калаа мурда куралдуу оппозициянын көзөмөлүнө өткөн.

Анкара күрд отряддары өз күчтөрүн Ефрат жээгине алып кетүү боюнча макулдашууну бузуп жатканын билдирди. Буга байланыштуу Түркия кийлигишүү укугуна ээ экенин айтууда. Бул арада АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен телефондук сүйлөшүү учурунда сириялык күрттөр Манбидж шаарынан негизги күчтөрүн алып чыгып кеткенин тастыктаган болчу.

Түркия Сириядагы операциясынын башкы максаты – чек арага жакын аймактардан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын сүрүп чыгаруу экенин ырастоодо. Ошол эле маалда Анкара оппозиция тарапта согушуп жаткан сириялык күрттөрдү душман катары эсептейт. Түркиянын пикиринде, алар күрд жикчилдери менен байланышта.

XS
SM
MD
LG