Ссылки доступа

Наристе өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык бала багуучунун камак мөөнөтү узарды


Москвада сот наристени өлтүрүүгө айыпталып жаткан өзбек жараны Гүлчехра Бобокулованын камак мөөнөтүн 29-октябрга чейин жылдырды.

Орусия ММКлары билдиргендей, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны камакта калтыруу боюнча токтом чыгарды.

Бобокулованы буга чейин экспертизадан өткөрүшүп, “Бутырка” тергөө абагындагы психиатриялык бөлүмгө которушкан. Ал тыкыр көзөмөл алдында кармалууда.

Гүлчехра Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган. Ал адам өлтүрүүгө айыпталууда.

Бобокулова күнөөсүн моюнга алып, бул жоругу менен Орусия президенти Владимир Путинден Сириядагы бомбалоолор үчүн өч алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG