Ссылки доступа

«Элдик парламент» мүчөлөрүнүн соту башталды


Бүгүн  Биринчи май райондук сотунда «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын бийликти күч менен басып алуу аракетине айыпталып жаткан мүчөлөрүнүн үстүнөн соттук жараян башталды.

Ал иш боюнча айыпталуучу катары Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов өтүүдө. Кыймылдын мүчөсү Расул Умбеталиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, сот жараяны жабык эшик артында өтөт.

«Биздин уюм президенттин өз эрки менен бийликтен кетүүсүн гана талап кылганбыз. Акүйгө секирип түшкөн жокпуз же дагы башка массалык башаламандыктар болгон жок. Кыймылдын мүчөлөрү ошол талап үчүн гана кармалышкан», - деп билдирди Расул Умбеталиев.

«Элдик парламент» кыймылынын лидери менен мүчөлөрү УКМК кызматкерлери тарабынан 12-майда кармалышкан. Күн мурун алар Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылган масштабдуу митинг өткөрүү ниеттерин билдиришкен болчу. Айтымдарында, ал нааразычылык акциясын орусиялык генералдар колдоп жатышкан.

XS
SM
MD
LG