Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти Берлинге барат


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 29-августта Германияга барары болжолдонууда.

Берлинде ал канцлер Ангела Меркель жана башка расмий өкүлдөр менен жолугат. Салт боюнча жергиликтүү бизнес коомчулугу менен кездешүүсү дагы күтүлүүдө.

Укук коргоочу уюмдар Германия бийлигине кайрылып, Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча абалды жакшыртуу жана айрым жеке иштерди чечүүдө Бердымухамедовго кысым көрсөтүүгө чакырууга ниеттенишүүдө.

Буга чейин түркмөн президентинин сапары 22-августка белгиленип, бирок белгисиз жагдайлардан улам кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG