Ссылки доступа

Дарайя шаарында курчоодо калгандар көчүрүлөт


Миңдеген көтөрүлүшчүлөр жана жай тургандар Сириянын курчоого алынган Дарайя шаарынан эвакуацияланат. Аларды көчүрүүгө жол ачкан атайын макулдашууну Сирия өкмөтү менен оппозициялык топтор кабыл алды.

Дарайяда эвакуация иштери жакын арада башталат. Сириянын мамлекеттик ММКлары кабарлагандай, 700 миң куралдуу киши Идлиб провинциясындагы калктуу конушту ээн-эркин таштап кете алышат. Дагы 4000 миңдей жай тургунга башпаанек берилет.

Сирия армиясы Дамасктан жети чакырым алыс жайгашкан Дарайя шаарын 2012-жылы курчоого алган. Сонку төрт жылда алгачкы гуманитардык жардам июнь айында жеткирилген.

Бул арада Syrian Observatory for Human Rights укук коргоо уюм Алепподогу өкмөттүк аскерлердин чабуулунан 15 адам өлгөнүн, алардын 11и балдар экенин жарыялады.

XS
SM
MD
LG