Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активисттердин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды


Атырау шаардык соту тергөө абагындагы көчмө жыйынында жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын камактагы мөөнөтүн 30-сентябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу активисттердин жактоочулары билдиришти.

Жыйында прокурор Улуттук коопсуздук комитетинин Атырау облусу боюнча тергөө тобунун жетекчиси Амангелди Абугалиевдин Бокаев менен Аяндын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч катын окуду. Анда иштин материалдары менен таанышуу үчүн айыптоо тарапка дагы бир ай керектиги жазылган. Андан сырткары тергөө «шектүүлөр качып кетиши же иштин тергелиши менен анын сотто каралышына тоскоолдуктарды жаратуулары мүмкүн» деген жүйөлөр келтирилген.

Бокаев менен Аяндын жактоочулары алардын баш коргоо чарасын белгиленген аймактан чыкпоого же үй камагына алмаштырууну өтүнүшкөн.

Макс Бокаев менен Талгат Аян жек көрүүчүлүктү козутуу жана мыйзамсыз демонстрация уюштурууга айыпталып 17-майдан бери камакта отурушат. Алар жер реформасына каршы өткөн Атырау шаарындагы массалык митингден кийин кармалышкан. Активисттер айтылып жаткан айыптоолорду четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG