Ссылки доступа

Сирияда түрк аскерлеринин чабуулунан ондогон жайкын тургун каза болду


Түрк аскерлеринин жихадчылар менен күрт көтөрүлүшчүлөрүнө каршы жасаган жекшембидеги соккуларынын жыйынтыгында жайкын адамдар каза болушту. Бул тууралуу 28-августта Сириядагы Адам укуктарынын бузулушуна байкоо салуу борборуна шилтеме жасап француз ММКлары билдиришти.

Укук коргоочулар түрк аскерлеринин Жеб эль-Кусса кыштагына жасаган артиллериялык аткылоолорунун жыйынтыгында кеминде 20 жашоочу каза болуп, 50 чамалуусу жаракат алганын билдиришүүдө.

Түрк аскерлеринин эсеби боюнча каршы тараптын жоготуулары 25 кишини түзгөн. NTV түрк телеканалынын билдиришинче, түрк артиллериясы менен аба күчтөрү «Элдик коргонуу отрядынын» позицияларына сокку урушту. АКШ ал күрт түзүмдөрүн «жихадчыларга каршы натыйжалуу күрөшүүчүлөр» деп эсептегени менен Түркияда алар «террористтик» топ деп таанылган.

XS
SM
MD
LG