Буйрукта жүргүнчү ташыган компаниялар адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу кошумча чараларды көрүшү керектиги айтылат. Тыюу алынгандан кийин учууга уруксатты Росавиация мекемеси берет.
Орусия менен Түркиянын ортосунда чартердик каттамдар 2015-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда тутанган чырдан кийин токтотулган болчу. Түрк аскерлери коңшу Сириянын аймагында чек арага жакын жерде учуп бараткан орус тик учагын атып түшүргөн. Натыйжада ичиндеги эки учкуч набыт кеткен.
Июнь айында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган курман болгон орус учкучтарынын үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.