Ссылки доступа

Өрттөн курман болгондордун сөөгү салынган атайын борт Бишкекке түштөн кийин чыгат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде басмаканадагы өрттөн каза тапкандардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана маркумдардын жакындарына жардам берүү боюнча кеңешме өттү. Ага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев катышты.

Москвадагы өрттөн набыт болгон 14 кишинин жасаты салынган атайын учак Кыргызстанга бүгүн түштөн кийин чыгат. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин айтымында, сөөктөрдү жеткирүүгө байланышкан иш-аракеттер аягына чыкты.

Маалым болгондой, сөөктөр салынган учак Москва-Ош-Бишкек багытында учат. Ал эми сөөктөрдү аэропорттон үйлөрүнө жеткирип, туугандарынын колуна тапшыруу ӨКМге жүктөлдү. Атайын учак менен набыт болгондордун жакындары да коштоп учуп келишет. Коштоочулардын тизмеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан түзүлгөнү кабарланган.

Москва жашоочулары курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине гүл коюп, шам жагышууда.

Москвадагы басмаканада өрт 27-августа болду. Кырсыктан 17 адам мерт кетти. Алардын ичинен 14ү - Кыргызстан жарандары. Өлкөдө 29-август аза күтүү күнү катары жарыяланды.

XS
SM
MD
LG