Ссылки доступа

"Ахмадбайдын" казыначысынын үйүнөн эки машина толтура акча табылды


Өзбекстан укук коргоо органдары "каржы пирамидасынын" түзүүчүсү Ахмад Турсунбаевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында анын Изат аттуу казначысынын үйүнөн ири суммадагы сум жана чет элдик валюталар конфискацияланды.

Укук коргоо органдарындагы өз булактар бул маалыматты “Азаттыктын” өзбек кызматына тастыкташты. Алардын айтымында, акча төрт метр тереңдиктеги атайын кампанын ичинде сакталган. “Ахмадбайдын” казыначысынын үйүнө атайын топ Ташкенттен 26-августта келген. “Изат кассирдин үйүнөн өтө көп акча табышты. Каражатты Isuzu маркасындагы эки автоунаага жүктөп жатышканын алыстан көрүп турдук”,-деди өз булак.

Акчаны жүз пайыз үстөгү менен кайтарам деп 40 миңдей адамдын ири суммадагы каражатын топтоп алган Ташкендин Чиноз районунун тургуну Ахмад Турсунбаев 15-июнда камакка алынган.

"Ахмадбайга" алдамчылык, чет элдик валютаны мамлекеттен жашырып сактоо деген сыяктуу алты-жети айып тагылууда.

Өзбек телеканалдары даярдаган атайын берүүдө Ахмад Турсунбаев күнөөсүн моюнга алып, кардарларынан кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG