Штайнмайердин айтымында, Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Минск келишиминин аткаруу боюнча олуттуу жылыштар жок. “Биз абалды жайгаруунун үстүндө иштешибиз керек”,-деди ал.
Чиновник Минск келишиминин бардык бөлүмдөрүнүн аткарылышы, анын ичинен Донбасстын аймагында жергиликтүү шайлоо өткөрүү боюнча Москва жана Киев менен сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.
Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылдын апрелинен бери уланып келет. Украина бийлиги Орусия колдогон жикчилдерге каршы антитеррордук операция жарыялаган.
Орусия болсо кагылышууларга тиешеси жок экенин айтып келет. Ошол эле маалда Москва Донбасста орусиялык “ыктыярчылардын” жүргөнүн четке какпайт. БУУнун маалыматы боюнча жаңжал башталгандан бери Украина чыгышында 9,4 миң адам өлгөн, 21 миңден ашууну жаракат алган.