Ссылки доступа

Казакстанда Украинадагы жаңжалдын катышуучусуна издөө жарыяланды


Актөбөдө Украинадагы согуштук аракеттерге катышты деп шектелип жаткан Максим Ермоловге издөө жарыяланды. Соттук жараян ушуну менен экинчи жолу артка жылууда.

Буга чейин ага эч жакка кетпөө боюнча чечим чыккан. Максим Ермоловго 22-августта соттук угуу болору туурасында бир жума мурун айтылган. Бирок ал жараянга келген эмес.

Эрежеге ылайык, аны Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери күч менен сотко алып келиши керек болчу, бирок жашаган дареги боюнча Максим Ермоловди табышкан эмес. Энеси баласын 18-августтан бери көрбөгөнүн билдирген. Анын айтымында, уулу 19-августта чалып, күбөлүгүнүн көчүрмөсүн жана психиатрдан маалымкатты жөнөтүүнү өтүнгөн.

Сот айыпталуучу качып кетти деген божомол менен ага издөө жарыялоо боюнча токтом чыгарды. Ал “чет өлкөлүк куралдуу кагылыштарга катышуу” беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.

Соттук материалдарга караганда, Ермолоев 2014-жылдын сентябрынан 2015-жылдын февралына чейин Укранинанын чыгышында орусиялык жикчилдердин катарында согушкан. Ал Казакстанга турмуш-тиричилик маселелерин жөнгө салуу үчүн кайткан учурда кармалган.


XS
SM
MD
LG