Ссылки доступа

Эрдоган: биз Сириядагы операцияны улантабыз


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана күрд элдик кошууну жарандар үчүн коркунуч жаратууну токтотконго чейин Түркия Сириядагы аскердик операциясын уланта берет. Бул тууралуу президент Режеп Эрдоган билдирди.

Буга чейин АКШ Сириянын түндүк бөлүгүндөгү түрк аскерлери менен күрд жоочуларынын кагылышуусун жөнү жок жосун деп атаган. Пентогон ИМ экстремисттери жок бул аймактагы согуштук аракеттер өтө кабатыр кылып жатканын баса белгилеген.

Акүйдөн кабарлашкандай, АКШ президенти Барак Обама бул маселени түрк кесиптеши менен 4-сентябрда өтө турган “Чоң жыйрмалык” саммити учурунда талкуулайт.

Өткөн аптада түрк аскерлери Сириянын чек арасынан өтүп, күрд жоочулары менен кагылышкан. Анкара аларды “террорчу” катары сыпаттайт. Аскерлер Сириянын Эркин армиясынын көтөрүлүшчүлөрү менен бирге ИМ тобун Жераблус шаарынан сүрүп чыгарган. Ошондой эле күрттөр үстөмдүк кылган АКШнын колдоосундагы Сириянын демократиялык күчтөрүнө чабуул жасоодо.

XS
SM
MD
LG