Ссылки доступа

Сейтказы Матаев кайрадан ооруканага жаткырылды


Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаев өзүн начар сезгендиктен, кайрадан ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери билдирүүдө.

Астанада сот түшкү тыныгуу жарыялаган маалда Матаевдин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги анын жактоочусуна шилтеме берүү менен кабарлады. Адвокат Андрей Петровдун айтымында, айыпталуучунун кан басымы кескин жогорулап кеткен.

Сейтказы Матаев жана анын уулу Асетке карата кылмыш иши Астанадагы Есил районук сотунда каралууда. 23-августтагы негизги отурум учурунда Журналисттер бирикмесинин төрагасы медициналык жардам сурап, ооруканага жаткырылган. Натыйжада соттук угуу бир нече күн кийинкиге жылдырылган.

Сейтказы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 28-мартта анын уулу – КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев дагы үй камагына алынган. Экөө тең дооматтарды четке кагууда. Бир катар укук коргоочу уюмдар Матаевди бошотууну талап кылып, ишин журналисттик ишмердигине байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG