Ссылки доступа

Украин атайын кызматы жашыруун абактар тууралуу маалыматты четке кагууда


Украинанын Коопсуздук кызматы сепаратизмге тиешеси бар деп шектелгендер кармалган «жашыруун абактардын» бар экендиги тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүн четке какты.

УКК башчысынын аппарат жетекчиси Александр Ткачук телеканалдар аркылуу Харьковдо «жашыруун түрмөнүн» бар экендиги тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрү чындыкка дал келбестигин айтты. Бирок ал бул маалыматтар текшерилерин кошумчалады.

Amnesty International менен Human Rights Watch Украинанын башкы аскер прокуроруна кат жолдошуп, УККнын Харьковдогу башкармалыгында кеминде беш кишинин жашыруун кармалып тургандыгы боюнча маалыматтар бар экенин билдиришкен. Катта алардын үчөөсү бир жылдан ашык убакыттан бери кармалып тургандыктары да көрсөтүлгөн.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча соттун чечими жок эле Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан кармалып турган дагы 13 киши 21-июлда эркиндикке чыккан. Алар Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдарынын «жашыруун абактар» жөнүндөгү баяндамасы жарыялангандан кийин кое берилген. Бийлик ал адамдардын кармалышы жана бошотулушу боюнча фактыны дагы деле мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG