Ссылки доступа

Керри: «Учурда Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия лидери»


Учурда Кыргызстан – Борбор Азияда демократия лидери. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри өлкөнү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Керри 25 жыл мурун АКШ алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныганын эске салды. Андан кийин дагы Кошмо Штаттар чейрек кылым аралыгында стратегиялык өнөктөштүккө жана достукка негизделген мамилени колдоп келгенин белгиледи.

Демократия, плюрализмди сыйлоо, андан тышкары бардык жарандар үчүн саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар экенине үмүт берүү - эки өлкөнү жакындатып турган көпүрө экенин айтты.

“Туруктуу жана гүлдөгөн Кыргыз Ресубликасы аймактагы бардык өлкөлөр үчүн өрнөк боло алат. Кошмо Штаттар Кыргызстандагы экономикалык жана демократиялык өнүгүүнү кубаттайт. Аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту колдоодогу жардамын жогору баалайт. Эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызматташуулардын өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтөт”, -деп баса белгиледи АКШнын мамлекеттик катчысы.

XS
SM
MD
LG