Ссылки доступа

Назарбаев «коопсуздук боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынарын билдирди


Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда парламент палаталарынын биргелешкен жыйыны өтүүдө. Өлкө башчысы парламенттин экинчи сессиясы «тарыхый жооптуу учурда» ишин баштай турганын белгиледи.

Назарбаев анын тапшырмасы менен бир канча мыйзам долбоору иштелип чыгып, мажилиске киргизилип жатканын билдирди. Алардын арасында экстремизмге, терроризмге, контрчалгындоо ишмердүүлүгүнө, дактилоскопиялык жана геномдук каттоо, пробация, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун бекемдөө» жөнүндөгү долбоорлор бар.

«Биз бул мыйзамдарды иштеп чыгып, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кабыл алсын деп депутаттарга сунуштайбыз. Эң башкысы — коомдогу коопсуздук менен туруктуулукту сактап калуу», — деп билдирди Назарбаев.

Назарбаев мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгы менен логикасы өлкө жарандарына түшүнүктүү болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, жаңы сессиянын алкагында парламент 50гө жакын мыйзам долбоорун кабыл алышы керек, алардын көбү жыл соңуна чейин жактырылышы зарыл.

XS
SM
MD
LG