Жыл сайын 1-сентябрда Ташкентте көз карандысыздыктын урматына салют атылчу. Салтка ылайык, бул иш-чара бүгүн Алишер Навои атындагы улуттук паркта болмок.
Борбордук администрация белгилегендей, футбол мелдешинен жана элдин сейилдөөсүнөн кийин жолдордо автоунаа тыгындарын болтурбоо максатында майрамдык фейерверк башка күнгө жылды. Мындан тышкары ушундай чечим кабыл алууну коомчулуктун кеңири катмары, өзгөчө улуу муун өкүлдөрү жана аксакалдар суранышкан.
Бүгүн «Бунедкор» стадионунда саат 20:00дө Өзбекстан менен Сириянын курама командалары Дүйнө чемпиондугу үчүн үчүнчү квалификациялык раундда беттешет. Оюнга 35 миңден ашуун күйөрман келери күтүлүүдө.
Майрамдык салют качан болору айтыла элек.