Орусияда мамлекеттик допинг-программасынын бар экени аныкталгандан кийин Эл аралык паралимпиада комитети орусиялык кураманы толугу менен мелдештерден четтеткен. Өткөн аптада Спорттук арбитраж соту ал иш боюнча апелляцияны четке каккан.
31-августта Швейцариянын жогорку соту тыюуну убактылуу алууну суранган Орусиянын Паралимпиада комитетинин өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан. Чечимде комитет антидопинг эрежелери боюнча бардык милдеттенмелерин аткарганын көрсөтө албаганы белгиленген.
Риодогу Паралимпиада 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин өтөт. Орусиянын олимпиадалык курамасы Бразилияда 21-августта аяктаган оюндарга да аз жерден катышпай кала жаздаган. Жыйынтыгында жалпысынан дээрлик 120 спортчу мелдештерден четтетилген.