Ссылки доступа

Киев менен жикчилдер ок атышпоо режимин сактоодо


Украинанын чыгышында 1-сентябрь күнү түнчүндө ок атышууну токтотуу режими жарыяланган. Андан бери бир дагы атышуу болгон жок. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Степан Полторак билдирди.

Коргонуу мекемесинин башчысынын айтымында, ал ар бир 15 мүнөт сайын маалымат алып турат. Эртен менен макулдашуу шарттары сакталганы боюнча жагымдуу кабар алган.

Муну менен катар Полторак акыркы күндөрү Донбасста чыңалуу күчөгөнүн билдирди. Бул Орусия “Кавказ-2016” машыгууларын өткөрүп жатканына байланыштуу. Күн мурун жикчилдер менен болгон кармашта украин аскер кызматкери өлгөн.

Өзүн Донецк жана Луганск элдик республикасы деп жарыялап алган аймактардын бийликтери дагы украин аскерлери тарабынан ок атуулар болбогонун ырасташты.

Украинанын чыгышында 1-сентябрдан тарта ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашуу Минск тобунун жыйынында 26-августта кабыл алынган. Демилгечи – Киев.

Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылы жазында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев менен Батыш Москваны жикчилдерди колдоп жатат деп айыптап келет. Кремль бул кинелерди четке каккан. БУУнун маалыматы боюнча 2014-жылдын апрель айынан берки Донбасстагы жаңжалда тогуз жарым миң адам курман болду.

XS
SM
MD
LG