Ссылки доступа

Венесуэлада президент Мадурого каршы он миңдеген адам көчөгө чыкты


Бейшембиде Венесуэланын борбору Каракаста массалык нааразылык акциясы өттү. Анын катышуучулары президент Николас Мадуронун отставкасын талап кылышты.

Шаар көчөлөрүнө жыл соңуна чейин импичмент боюнча референдум өткөрүү талабы менен он миңдеген адамдар чыкты. Оппозициянын жүрүшү менен катар эле Каракаста бийликтин тарапташтарынын акциясы да өттү.

Венесуэла өкмөтү оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айыптоодо. Августтун башында бийликти сындагандар импичментти колдоо үчүн кол топтоого аракет кылышкан, бирок керектүү болгон 4 миллиондон кем эмес адамдын колдоосун табууга мүмкүн болгон эмес.

Мунайга болгон баалар төмөндөгөндөн кийин Венесуэла оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Өлкөдө күнүмдүк пайдалануудагы көптөгөн товарлардын тартыштыгы байкалып, азык-түлүк дүкөндөрүндө күн сайын узун кезек күтүүлөр болууда. Оппозиция Мадурону жакшы ойлонулбаган экономикалык саясат жүргүзүүгө айыптап жатат. Бийлик азык-түлүк жетишсиздигине АКШны күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG