Ссылки доступа

Путин: Жапония менен аймактык талашта тил табышууга болот


Орусия президенти Владимир Путин Түштүк Курил аралдары боюнча Жапония менен аймактык талашта тил табышууга болорун билдирди. Бул тууралуу орус лидери жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен Владивостокто өтчү Чыгыш экономикалык форумдагы жолугушуусу алдында айтты.

Ошол эле маалда Путин Орусия аймагынын бир бөлүгүн Жапонияга берүү ыктымалдыгын жокко чыгарды. "Биз аймагыбыз менен соодалашпайбыз", - деп белгиледи ал. Айтымында, жыйынтыгында тараптардын эч кимиси өзүн жеңилген же жеңишке жеткендей болбогудай чечим табылышы керек.

Күн мурун жапон ММКлары эгер Орусия тараптан Түштүк Курил Жапонияга берилип калса Токио андагы жашоочуларга аралда калууну сунуштай турганын жазып чыгышкан. Мурдараак Курил аралдары боюнча аймактык талаш чечилбеген күндө да Жапония Орусиянын Алыскы Чыгышына экономикалык жардам көрсөтөрү белгилүү болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында СССР басып алган Курил жээктериндеги төрт аралга байланышкан талаш-тартыштар көп жылдардан бери эки тараптуу мамилелерди оорлотуп, өлкөлөрдүн тынчтык келишимге кол коюшуна мүмкүндүк бербей келет.

XS
SM
MD
LG