Ссылки доступа

Reuters: Ислам Каримов дүйнө салды


Reuters агенттиги үч дипломатиялык булакка шилтеме берип жазганына караганда, Өзбекстан президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Каримовдун саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу кептер 27-августтан тарта жайыла баштаган.

Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкендеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте" деп билдирген.

Бүгүн эртең менен мамлекеттик булактар анын абалы кескин начарлаганын маалымдашты.

Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG