Ссылки доступа

Түркмөнстандын майдандарына жана гүлбактарына Каримовдун ысымы ыйгарылат


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 3-сентябрда Ислам Каримовду акыркы жайга узатууга катышты.

Ал Самаркандда сөз сүйлөп жатып, коңшу өлкөгө көңүл айтып, Каримов өз мамлекетин өтө сүйгөнүн, анын өнүгүп, гүлдөшү үчүн арбын иш жасаганын белгиледи.
«Бул адамдын жүрөгү кенен, чыныгы патриот, улуу саясатчы жана мамлекеттик ишмер болчу. Анын демилгелери ар дайым эл аралык аренада колдоого алынчу», - деди Бердымухамедов. Ошондой эле ал Ислам Каримовдун "өлкөлөр ортосунда дайыма ишеним болушу керек" деп айтканын эске салды жана ушул баалуулукту сактоого чакырды.

Бердымухамедовдун айтымында, Түркмөнстанда баары Каримовду жакшы көрүшчү. Түркмөнбашы өз өлкөсүнүн майдандарына жана гүлбактарына Өзбекстан президентинин ысымын ыйгарууну убадалады.

XS
SM
MD
LG