Ссылки доступа

Обама: Сирия жаңжалын чечүүдө Орусия менен макулдашуу мүмкүн болбой жатат


Кошмо Штаттар Сириядагы абалды жөнгө салууда Орусия менен жакынкы аралыкта макулдаша албайт. Ортодо олуттуу пикир келишпестиктер бар экенин жекшембиде АКШ президенти Барак Обама билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө азырынча Сириядагы согушту токтотууга зарыл болгон чаралар боюнча сөз табыша алган жок. Кайсы топторго каршы авиасокку уруу керек деген маселеде кайчы пикирлер жаралды. Обама Москва менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдү уланта турганын баса белгиледи.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери уланып келет. Кошмо Штаттар менен Орусия аймактагы исламисттер менен күрөшүүгө жана жаңжалды жайгарууда биргеликте макулдашууга аракет жасап келишет.

АКШ Орусияны Вашингтондун колдоосундагы байыстуу оппозицияга абадан сокку урууда деп бир нече жолу айыптаган.

XS
SM
MD
LG