3-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттерде убактылуу чектөө киргизилген.
Ошол эле маалда Кыргызстан менен Өзбекстандын мекенине кайтып келе жаткан жарандары мамлекеттик чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүшөт.
Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, дипломатиялык корпустар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү белгиленген тартипте улана берет.