«Таазим кылуу үчүн сөзсүз барып кетем деп ойлойм», — деди Владимир Путин. Ал ошондой эле Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин мындан ары да өнүгүүсүнө үмүт кыларын билдирди.
«Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди куруу жаатында Ислам Абдуганиевич тарабынан жасалган нерселердин баары сакталат жана андан ары улантылат деген үмүттөмүн. Ислам Каримов Өзбекстандын көз карандысыз өлкө катары калыптануусу үчүн өтө көп нерселерди кылды жана анын өлкө үчүн жасагандарын дагы баалоо керек деп ойлойм», - деп белгиледи Орусия президенти.