Ссылки доступа

Кытай элчилигинде теракт уюштургандар аныкталды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Маалымдалгандай, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды.

Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланды. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми жардырууну ишке ашырган адам 33 жаштагы уйгур тектүү адам экени, Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган. ​

УКМК кабарлагандай, анын аты-жөнү Зоир Халилов болгон. Кыргызстанга 20-август күнү кирген. Ал “Чыгыш Түркистан ислам кыймылынын” мүчөсү экени аныкталган.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан.

XS
SM
MD
LG