Ссылки доступа

Мурдагы тажик полковниги эгемендүүлүк күнүндө бүлгүн саларын билдирди


Тажикстан бийлиги өзгөчө даярдыктагы мобилдүү топтун мурдагы башчысы Гулмурод Халимовдун жоокерлерге жолдогон опузасы боюнча иликтөөнү баштады.

Маалымдалгандай, Халимов 9-сентябрь Тажикстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында жоокерлерди “куттуктоого” убада берген. Коркутуу мобилдик телефондорго текст түрүндө келген.

Буга чейин Халимов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жаңы аскер жетекчиси болгондугу туурасында кабар тараган эле. Ал бул кызматка өткөн жайда тындым кылынган Умар аш-Шишанинин ордуна келген.

АКШ Мамлекеттик департаменти 30-августта Халимовду экстремисттик топтун маанилүү фигурасы катары атап, анын жүргөн жерин кабарлагандарга 3 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган. Тажикстан бийлиги 5-сентябрда өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүнү самагандарга бөгөт коюу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Халимов – Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы командири. Ал “Ислам мамлекети” тобуна 2015-жылы кошулуп кеткен. Дүйшөмбүнүн билдиришинче, Халимов Сириядагы согушта эки сапар жаракат алган.

XS
SM
MD
LG