Ссылки доступа

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти


Кошмо Штаттар Украинадагы жаңжалга байланыштуу санкцияга илинген орусиялык компаниялардын тизмесин кеңейтүүнү чечти. Аларды ичинен 50 мекеме Газпромго тиешелүү болуп саналат.

Чечим 7-сентябрда күчүнө кирет.

Санкциялык тизмеде Керченский көпүрөсүн куруп жаткан “Тамань” компаниясы да бар.

Мындан тышкары алгач ирет АКШнын "кара тизмесине" аскердик өндүрүш үчүн колдонулуучу, электроника чыгарган 11 компания кирди.

2014-жылы февралда Украина жаңжалына Москва аскердик кийлигишүү көрсөткөндөн кийин алдынкы өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Орусияга каршы санкциялардын толкунун жарыялаган. Москва дагы жооп иретинде ЕБ өлкөлөрүнүн, АКШ, Норвегия, Канада жана Австралиянын азык-түлүктөрүнүн киришине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG