Ссылки доступа

Бишкек шаардык соту президенттин үстүнөн жазылган арызды канааттандырган жок


Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намысын жана ишмердик беделин коргоо жөнүндөгү өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын канааттандырган жок. Мындай чечим сот тарабынан 7-сентябрда кабыл алынды.

Укук коргоочулар шаардык соттун чечими боюнча өлкөнүн Жогорку сотуна даттана тургандыктарын билдиришти.

Абдирасулова менен Исмаилова президенттен расмий кечирим сурашын жана алардын дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөшүн талап кылууда. Укук коргоочулар моралдык чыгым катары өлкө башчысы аларга 10 миллион сомдон төлөп бериши керектигин билдирип жатышат.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин айтканына нааразы болуп сотко кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG