Ссылки доступа

"Тажик Эйрдин" учагы "Манас" аэропортуна авариялык түрдө конду


Бишкектен Дүйшөмбү шаарына багыт алган учак 7-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан артка кайтып, “Манас” эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Авариялык түрдө конгон учак “Тажик-Эйр” компаниясына таандык. Компаниянын маалыматы боюнча мындай кырдаалдын жаралышына “техникалык алешемдиктер” себеп болду.

“Тажик Эйр” авиакомпаниясындагы булак кабарлагандай, Боинг-757-231 учагы 7-сентябрда Кыргызстандан Тажикстанга багыт алган. Бирок жарым саат өткөндөн кийин техникалык себептерден улам лайнер кайра аэропортко кайтууга аргасыз болгон.

Мындан кийин авиакомпания Бишкекке башка учак жөнөткөн. Бардык жүргүнчүлөр Дүйшөмбүгө 8-сентябрь күнү эртен менен жеткирилди. “Тажик Эйрден” маалымдашкандай, адистер бузулган жерди оңдошту, аба кемеси учууга даяр. Окуя учурунда жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнөн эч ким жабыркаган жок.

Бул арада “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы учак эмне себептен абага жетишерлик деңгээлде көтөрүлө албай, кайра конгонун билбей турганын айтты. Мекеме түшүндүргөндөй, мындай учурда авиакомпания жүргүнчүлөрдү тамак-аш жана мейманкана менен камсыздоосу керек эле. Бирок башка учак келгенге чейин алар аба майданда болушкан.

XS
SM
MD
LG