Ссылки доступа

Казакстанда Ми-8 тик учагынын кулашы боюнча иликтөө башталды


Казакстандын Башкы транспорт прокуратурасы тик учактын кулашына байланыштуу тергөө иштери башталганын билдирди. Тик учакта «КазТрансОйл» компаниясынын жумушчулары болгон.

Жезказган станциясындагы полиция бөлүмү тарабынан «Аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Инвестициялар жана өнүгүү министрлиги атайын комиссия түздү.

Прокуратуранын маалыматы боюнча «Евро-Азия Эйр» авиакомпаниясынын Ми8Т тик учагы 7-сентябрда саат 15:50дө, Караганда облусунун Улытау районунда кулап түшкөн.

Башкы транспорт прокуратурасынын билдиришинче, тик учак кулагандан кийин күйүп баштаган. Анын ичинде үч экипаж мүчөсү жана «КазТрансОйл» компаниясынын 19 жумушчусу болгон. Жыйынтыгында түрдүү жаракаттар менен «КазТрансОйлдун» төрт жумушчусу ооруканага жеткирилген.

Тик учак «КазТрансОйлдун» чыгыш өкүлчүлүгүнүн жумушчуларын ташуу каттамын аткарып жаткан. Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча аба кемеси учууга жарактуу сертификатка, экипаж — авиациялык персонал күбөлүгүнө ээ болгон.

XS
SM
MD
LG