БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгына жолдонгон катка 73 топтун өкүлү кол койгон. Булардын арасында көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймакта иштеген Сирия-Америка медициналык коому, “Сириялык жарандык коргонуу” уюму, “Ак каскалар” аты менен белгилүү топ бар.
Мындан тышкары алар БУУнун Сириядагы агенттиктеринин иштерин иликтөөгө алууну талап кылышууда. БУУнун өкүлү Стефан Дуярич айрым агенттиктер сириялык режим менен тыгыз иштешет деген айыптоолорду четке какты.
Бул арада Сириядагы өкмөттүк аскерлер жана анын өнөктөштөрү козголоңчулар кармап турган Алеппонун жаңы аймактарын бошотуп, шаарды курчоону күчөтүүдө. Алты жылдан бери уланып келе жаткан Сирия согушунда 290 миңден кем эмес киши өлдү. Эл аралык денгээлде жаңжалды жайгаруу аракеттери натыйжа берген жок.