Ссылки доступа

Үңкүр-Тоодо кармалгандар бошотулду


Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен төрт кыргыз жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, кармалып тургандарды бошотуп жатканда Өзбекстан шарт койгон жок:

- Президенттин, өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин аракети жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Өзбекстан биздин жарандарды чыгарып берди. Алдын ала маалымат боюнча буларга чек араны мыйзамсыз бузуп өттү деген берене менен кылмыш иш козгоп, акчалай жазага тартышыптыр. Соттун чечими чыгып, аларды бизге чыгарып беришти. Биз алардын дене-баштарын текшерип чыктык. Зордук-зомбулук көргөн-көрбөгөнүн текшердик, дени-карды соо, баары жакшы экен.

22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кетишкен. Алар бул аракеттерин радиорелейлик станциянын жумушчулары Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүрөт деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG