Ссылки доступа

ШКУ өлкөлөрүнүн аскерлери Кыргызстанда террорчулукка каршы машыгуу өткөрөт


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрү Кыргызстанда биргелешкен аскердик аракеттерди иштеп чыгышат. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Кыргызстанда 15-21-сентябрь күндөрү эл аралык "Тынч миссия-2016" аскердик машыгуулары өтөт. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден - Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын жоокерлери катышат. Машыгуулар Балыкчыдагы 20636-аскер бөлүгүндө өтөт.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты - террорго каршы бирге аракет көрүү. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлер тоолуу аймактарда атайын операцияларды жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүшөт.

XS
SM
MD
LG