Ссылки доступа

Тажикстанда мунапыс алган жаран эки сааттан кийин кайра түрмөгө түштү


Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, мунапыс алган жаран абактан чыгар замат, тактап айтканда эки сааттан кийин кайра кылмыш жасаган.

59 жаштагы Абдукаюм Уроков өткөн аптада эркиндикке чыгып, бирок кайра камалган. Ал мунапыс аркылуу азаттык алган соң, дароо бир аялдын 360 сомони акчасын жана мобилдик телефонун уурдап кармалган.

Тажикстанда эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 12 миңден ашуун шектүүлөр жана камактагылар жазадан кутулган.

XS
SM
MD
LG