Назарбаев Акмоло облусуна болгон иш сапары маалында бир нече жылдан кийин экспорттук товарларга болгон баалар «азыркыдай төмөн болбостугуна» үмүттөнөрүн жана өлкөдө жакшы жакка өзгөрүүлөр болоруна ишене турганын билдирди. Президент Казакстанда жаңы өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилип жатканын кошумчалады.
Нурсултан Назарбаев жаңы өкмөттөн «чымырканган эмгекти» күтүп жатканын айтты.
Жакында өлкөдө Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Нурлан Ермекбаев жетектеген Дин жана жарандык коом иштери министрлиги түзүлгөн. Назарбаев жаңы министрликтин түзүлгөнүн «күндүн талабы» деп атады. Айтымында, Казакстан «ал тармакты кантип башкаруу керектигин түшүнүшү» зарыл.